Ат-Башы районунда бир айдан бери «Муктаждарга төрт түлүк мал» акциясы жүрүп жатат. Акциянын негизинде колунда бар, жардам бергенге даяр адамдар муктаж үй-бүлөлөргө мал жандыгын жардам катары беришет. Бул акция эстафета катары берилип, азыркы учурда райондун бардык айылдарында уланып жатат.
Алгач акцияны Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -аким Нурбек Сатаров демилгелеп, өзүнүн атынан аз камсыз болгон үй-бүлөгө мал чарбачылыгын өнүктүрүп, жашоо шартын жакшыртууга 5 кой берген.

Бул эстафета активдүү уланып, акциянын жардамы менен бир ай ичинде 25 үй-бүлөгө 120дан ашык мал тапшырылды.

Бул демилгенин максаты — жөн гана күнүмдүк жашоосуна жеткидей жардам эмес, ал үй-бүлө өзүнүн мындан аркы кирешесин улантып кетүүгө шарт түзүп берүү, башкача айтканда жакырчылыктан чыгаруу болуп эсептелет.
Асел Уркунбаева