“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

90 жылдыкка той эмес 90 долбоор ишке ашат

24 Июнь 2020 жыл 15:17
Көрүүлөрдүн саны: 283

Быйыл 2020-жылы Ат-Башы районунун түптөлгөнүнө 90 жыл болот. Бул мааракени өткөрүү үчүн ар кандай долбоорлор ишке ашырылат.

Ат-башы райондук администрациясы

Иш чаралар аткарылуусу үчүн Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров айыл өкмөт башчылары жана мекеме жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Аким Нурбек Сатаров катышкан жыйында

Жыйында аким 90 жылдык мааракеге арналган иш чаралардын баардыгы пайдалуу болуш керек экендигин белгиледи. Мындан улам, райондун 90 жылдыгы той менен эмес, «90 жылдыкка 90 долбоор» деген аталышта болуп, чоң жана кичи долбоорлордон турган иштерди аткаруу макулдашылды. Район башчысы жыйындын катышуучуларына  регионду өнүктүрүү үчүн пайдалуу долбоорлорду алып чыгууну жана ишке ашырууну тапшырды.

Ат-Башыдагы алгачкы пресс-конференция: «Сураныч антибиотик колдонуп, вирусту өтүштүрүп жибербеңиздер» 

Асел Уркунбаева