Азыркы түзүлгөн кырдаалга карабастан Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды жолдоруна шагыл төгүлүп, түзөтүү иштери жүрүп жатат.

Жолго төгүлүүчү шагылдарды казуу учурунда
Ат-Башы райондук администрациясынын жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен аталган жолду оңдоо иштери башталды. Бул иш райондук №20чы жол тейлөө ишканасынын техникалары аркылуу жүргүзүлөт. Бирок быйыл COVID-19 пандемиясына байланыштуу мамлекеттен күйүүчү майга акча каражаттары бөлүнө элек болсо дагы, айыл тургундары жана акимчилик тарабынан колдоого алынып, ишке ашып жатат.

Азыркы күндө 600 метр жолго шагыл төгүлүп, түздөтүлдү.
Айыл тургундарынын айтымында бул жолдор абдан эскирип, машина менен жүрүү абдан кыйын болуп калган.
Ат-Башыдагы медкызматкерлер сыйланды.
Асел Уркунбаева