“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

«Коронавирус, Кыргызстандан жогол!» Балдардын кызыктуу видеосу

4 Июль 2020 жыл 22:03
Көрүүлөрдүн саны: 284

«Коронавирусту жеңдик, ураа!»- деп балдар сүйүнгөн видео, соцтармактарга тарап кеткен. Бул видеодогу кичинекей балдардын апасы өзү инстаграмдан көрүп таң калган.

Назгүл Жанболотова жолдошу жана төрт баласы менен

Балдардын апасы  Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Назгүл Жанболотова видео жөнүндө билбегенин айтты:
«Мен өзүм карантин учурунда үйдөн кийим тигип иштеп жаттым, бул видеону балдарым өзүлөрү ойлоп таап, улуу кызым видеого тарткан экен. Анан туугандарга видео тарап кетип, соцтармактардан көрүп өзүбүз күлгөнбүз. Албетте, жаштын тилегин берет дейт, азыр баарыбыз көргөндөй абал оор, биз дагы эртерээк ушинтип сүйүнүп калсак экен.»

 

Асел Уркунбаева