“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Ача-Кайыңдыга кычкылтек концентратору келди

9 Июль 2020 жыл 12:11
Көрүүлөрдүн саны: 251

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка биринчи кычкылтек концентратору келип түштү.

Бул тууралуу жергиликтүү ФАПтын медайымы Салкын Мусаева төмөндөгүлөрдү билдирди:
«Бизге бул кычкылтек концентраторун азыркы учурда АКШда иштеп жаткан Кайрат Эсенгелдиев деген балабыз алып жибериптир. Дагы 3-4 күндүн ичинде Сахалинде иштеп жүргөн балдарыбыз дагы жиберишет. Биз аларга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Албетте, бул кошумча дем алдыруучу аппаратты элибиз колдонбой эле, өзүлөрү дем алышын каалайм, бирок кырдаал курч болуп турган кезде бул аппарат абдан керек. Азыркы күндө бизге кайрылып, күндө капельница алып дарыланып жаткандар көп болууда. Бирок, өтө оор абалдагылар жокко эсе.»

 

Аймактагы ооруканаларга кычкылтек концентратору керек 

Асел Уркунбаева