“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Ача-Кайыңдыга Екатеринбургдагы мигранттардан 200 миң сомдук жардам келди

30 Июль 2020 жыл 14:27
Көрүүлөрдүн саны: 260

Бүгүн 30-июль күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка 200 000 сомдук медициналык каражаттар жардамга келип түштү. Бул жардамдар Россиянын Екатеринбург шаарында эмгектенип жаткан Ача-Кайыңдылык жердештерден келген.

Жардамдар ФАПка өткөрүлүп берилди

«Биздин айылдык ФАПка 2 кычкылтек концентратору, 2 кварц лампасы, маскалар жана керектүү дары-дармектер Екатеринбург шаарында иштеп жүргөн жердештерибизден келди. Жалпы суммасы 200 миң сомду түзөт. Учурдан пайдаланып алыс жерде жүргөн айылдын тургундарына ыраазычылык билдиребиз жана аларга бекем ден-соолук, иштерине ийгилик каалайбыз»- деп билдирди айыл башчысы Нурлан Жунусов.

 

 

Ача-Кайыңдыдагы стационарды салып бүтүрүүгө акча каражат жетиштүү эмес
Асель Уркунбаева