Бүгүн 4-октябрь Кыргызстандын бардык жеринде шайлоо болуп жаткан учур. Азыркы пандемия учурунда аралыкты сактап шайлоону өткөрүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн негизги милдеттери эле. Ал эми Ача-Кайыңды айылында дагы санитардык нормалар так аткарылып жатабы барып билдик.

Шайлоо участкасына кире бериште колкап жана маска ар бир шайлоочуга берилип жатты
Быйыл аталган айылдын шайлоочуларынын саны көбөйгөндүктөн эки участок ачылган. №4017 шайлоо участкасы мектепте жайгашкан. Бул жерде же келген кишилер аз болгонгобу, санитардык нормалар так аткарылганы көрүнүп турат.

Шайлоочулар киргенде чийинден ашпай, кезек менен кирип жатышты


Шайлоочулар эшиктен эле аралыкты сактап тургандары байкалат
Шайлоого келген айылдын тургуну Тынчтык Шыгаев шайлоонун жүрүшү боюнча өз ою менен бөлүштү: «Негизи шайлоо болгондо абдан көпкө чейин кезек күтүп калчубуз, быйыл эки участок ачылганга элдер акырындан келип жатат. Аралыкты сактоо боюнча жакшы шарттар түзүлгөн. Эч кандай санитардык нормалардын бузулуусун байкаган жокмун. Шайлап жатканда дагы бат-баттан идентификациядан өткөрүшүп, өзүм каалаган партияга шайлоого жакшы мүмкүнчүлүк болду.»

Шайлоочу Тынчтык Шыгаев
Келген шайлоочулар кайсы участоктун тизмесинде экенин карай электерге тизме сыртка коюлуп, элдер ал жерден текшерип алып жатышты.

Шайлоочулардын тизмеси
Акталаада добуш берүүгө келген элдин агымы жай
АсельУркунбаева
