Ат-Башы районунун бардык мектептеринде бир айдан бери болуп жаткан долбоорлордун жыйынтыгы чыгып, орундары тапшырылды. Окутууларды дүйнөлүк Google сыяктуу компанияларда иштеген жаштар окутушуп, долбоор жазганды үйрөтүштү.
Долбоорго ар бир мектептен төрттөн окуучу катышып, дүйнөнүн булуң бурчунан билим алып жатышкан студенттерден сабак алышты.
Бул тууралуу маалыматты, аталган долбоордун координатору Нурлан Ногойбаев айтып берди:
«Менин атым Нурлан Ногойбаев, Борбордук Азия университетинин 5-курсунун студентимин, жана ал жерде «Компьтердик илим» кесибинде окуйм. Мындан бир жыл мурун, Кембридж университетине бизнес-ишкердик боюнча Кыргызстан боюнча 4 баланын бири болуп тандалып ал жерде окуп келгенбиз. Мурда ал жерге барып келгенге чейин ыктыярчылык менен алектенип жүрсөк, азыр ар кандай программаларды ишке ашырып, жана коомго баалуулук алып келгенге үйрѳндүк. Ошонун негизинде «Прогрессивдүү жаштар клубу» түзүлгөн. Биз аткарган долбоорлорду социалдык долбоор десек дагы болот.
Биздин клубдун биринчи долбоору- бул “Дайыма жарык”

Нурлан Ногойбаев
Бул долбоордун максаты — ушул айыл жергесиндеги балдардын жумшак сапаттарын ѳнүктүрүүгѳ багытталган. Жумшак сапаттарга – лидердик сапаттар, коммуникативдик жана эң маанилүүсү билим алганды, бир нерсени үйрѳнүүсүн ѳнүктүрүү.
Бул долбоор азыркы дүйнѳ жүзүндѳ болуп жаткан кырдаалга байланыштуу онлайн режимде ѳттү. Ошондуктан биз уникалдуу формат ойлонуп чыкканбыз: Менторлор менен окуучулар Zoom платформасы аркылуу байланышып, тренингдер болуп жатты, бул жердеги ѳзгѳчѳлүгү мугалимдер эң кыйын кыргызстандык башка ѳлкѳдѳ окуп жаткан, дүйнѳлүк Google, Armani жана башка белгилүү компанияларда иштеген студенттер болушту. Жалпы окуулар 1 айга созулуп, 12 жолу 2 сааттан сабактар ѳтүлдү. Бул сабактарда балдар кандайдыр бир кѳйгѳйдү таап чыгып, анын чечүү жолдорун ойлонуп чыгып, жана аны ишке ашыруу боюнча долбоор жазганды үйрѳнүштү.

Долбоорго Ат-Башынын 19 мектеби катышкан
Биздин дагы негизги максаттарыбыздын бири балдарды жѳн эле үйрѳтүп коюу эмес, биз алардын долбоору ишке ашканына дагы маани беребиз, жана мектеп окуучулары менен прогрессивдүү жаштар клубу менен ушундай долбоорлор аркылуу байланыш түзүлүшү керек. Бул иш- чара менен токтоп калбайбыз.
Окутуунун негизинде биз конкурс уюштуруп, бүгүн аларга байгелерин тапшыруу аземи болду.

Долбоордо Ой-Терскен орто мектебинин командасы биринчи орунду ээлешти
Прогрессивдүү жаштар клубунун максаты болсо узакка созулат. Клубдун максаты- азыркы жаштардын билим сапатын ѳнүктүрүү.
Бул долбоорду АКШ ѳлкѳсүнүн Кыргызстандагы ѳкүлчүлүгү каржылаган.»

Долбоордун уюштуруучулары активдүү окуучулар менен

Байгелерди райондук билим берүү бөлүмүнүн жана акимчиликтин өкүлдөрү тапшырышты
Ат-Башылык окуучу аралыктан окуп ийгиликтерге жетишти
Асель Уркунбаева