Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кара-Кече көмүр кенине кезексиз көмүр алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, райондун ар бир айылынан көмүр тарткан унаалар алынып барылды.

Көмүр тарткан унаалар ар бир айылдан барды
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Максат Кадыркулов райондун ар бир айылынан унааларды уюштуруп, Кара-Кечеге барып кезексиз көмүр алып чыгууну макулдашып, жеринен көзөмөлгө алууда.
Учурда ал жактан алынып жаткан көмүрлөр четинен келип айылдарга жеткирилүүдө.
Ошондой эле Турук көмүр кенинен дагы көмүрлөр келип, элге сатылып жатат.

Буга чейин жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө карабай, кезек кеч келип турган
Буга чейин Кара-Кечеге район жетекчилиги бир нече ирет барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү менен кезек кеч жетип, кыйынчылыктар жаралып келген.
Акталаада айдоочулар көмүр кенине барчу жолду оңдошту
Асель Уркунбаева