“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Өзбекстандын Фергана өрөөнү менен Ат-Башы району кызматташат

25 Ноябрь 2020 жыл 23:23
Көрүүлөрдүн саны: 202

Ат-Башы районун башчысы Нурбек Сатаров жетектеген ишкерлер жана айыл өкмөттөрдүн катышуусундагы делегация Өзбекстандын Фергана облусуна барып келди. Бул тууралуу маалыматты Ат-Башы районунун маалымат кызматы билдирди.

Ат-Башылык делегаттар Өзбекстанда

Фергана району менен Ат-Башы району импорт, экспорт боюнча иш алып баруу максатында достук келишимине кол коюшту.

Ал жерден барган делегация аталган облустагы ишканалар менен таанышты. Ошондой эле Фергана району менен Ат-Башы району импорт, экспорт боюнча иш алып баруу максатында достук келишимине кол коюшту. Ат-Башы районунан барган ишкерлер дагы өз тармактарында иштешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эт, жүн, картошкаларды экспорттоо жолун дагы карашты.

Ат-Башыдан эт, жүн, картошкаларды экспорттоо жолун дагы карашты.

Район жетекчилери Фергана районуна сырьё катары бергенге Ат-Башы районуна жүндөн жип чыгаруучу жана терини биринчи иштеп чыгаруучу ишкана куруу боюнча сүйлөшүштү.

Жергиликтүү ишканалар

Алдыда ал жактан дагы делегаттар Ат-Башы районуна келүүсү күтүлүүдө.

Ат-Башы району көмүр алууга кезексиз киргизилүүдө
Асель Уркунбаева