“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Ача-Кайыңды айылынын тургундары менен Жамааттык медианын өкүлдөрү жолугушту

11 Декабрь 2020 жыл 0:15
Көрүүлөрдүн саны: 172

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында Жамааттык ЖМКлардын өкүлдөрү айыл тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушууда Ача-Кайыңды эли жамааттык медианын түзүлүшү, максаты менен тааныша алышты.

Жамааттык медианын башкаруу кеңешинин төрайымы Айзада Калканбекова

Чогулушка айыл тургундары, айыл өкмөт кызматкерлери, мугалимдер, бала-бакча кызматкелери, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү жана окуучу-ыктыярчылар катышты.

Айыл тургундары жамааттык медиа боюнча маалымат алышты

Жамааттык медианын өкүлдөрү бирликтин жетишкендиктери жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришип, айыл тургундарынын ой-пикирлерин угушту. Алар менен «Ача-Кайыңды» мультимедиалык борборун кантип өнүктүрсө болот жана кандай жаңылыктарды күтүшкөндүгү тууралуу талкуу болду.

Айыл элинин сунуштары жазылып алынды

Эске салсак, Кыргызстанда жалпы 25 жамааттык мудьтимедиа борбору бар болсо, анын бири-Ача-Кайыңды жамааттык медиасы. Аталган медиа борбор 2019-жылы ачылып, ноябрь айында АОСМИге мүчө болуп кошулган жана иш чаранын жүрүшүндө бир жыл ичиндеги жетишкендиктери жөнүндө сөз болду.

 

Асель Уркунбаева