“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Ат-Башыда «Социалдык дүкөн» ачылды. Ага кимдер бара алат?

14 Декабрь 2020 жыл 23:29
Көрүүлөрдүн саны: 199

Ат-Башы районунда, муктаж болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында Ат-Башы райондук эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүнүн ичинде атайын «Социалдык дүкөн» ачылды.

Демилгени аким Нурбек Сатаров көтөрүп, райондун эмгек жана социалдык коргоо бөлүмү ишке ашырды

Аталган дүкөндө кийим-кече жана башка керектүү буюмдар кабыл алынып, андан муктаж аламдар келип бекер алып кетүүгө шарт түзүлгөн.

Дүкөнгө каалаган адамдар барып, кийим-кече тапшыра алышат

Андан сырткары, дүкөнгө колдоо көрсөтүүнү каалагандар кийим-кече, үй тиричилик жана ар кандай керектүү буюмдарды алып келип таштап турса болот. Ал эми муктаж болгондор өздөрүнө керектүү болгон буюмдарды алып кетип тура алышат.

Ачылуу аземинен

Ат-Башы райондук администрациясы бул кайрымдуулук ишти колдоого ар бир кайдыгер карабаган жарандарды чакырат.

Акын Шайлообек Дүйшеевдин 70 жаш мааракесин Ат-Башы район жетекчилиги куттуктады
 

Асел Уркунбаева