Ат-Башыда калкты тейлөө борбору жаңы имаратка которулуп, электрондук кезек менен иштеп баштады.
Ат-Башы райондук мамлекеттик аминистрациясынын сунушу жана Мамлекеттик каттоо кызматынын колдоосу менен Ат-Башы районундагы калкты тейлөө борбору жаңы имаратка көчүрүлүп, тейлөө сапаты жогорулоодо.

Калкты тейлөө борбору чоң имаратка көчкөн
Буга чейин аталган бөлүм райондук Кыргыз почтасынын имаратынын бир жак башындагы 3 бөлмөсүндө иштеп келишкен. Анда күтүү залы жок болуп, кезекке тургандарга жана тейлөө кызматкелерине дагы кыйынчылыктар жаралып турчу.

Мурдагы имаратта күтүү залы жок болчу
Жаңы имаратынын ичи кенен болуп, күтүү залы, жана электрондук кезекке туруу шарттары түзүлүп, тейлөө сапаты жакшырууда.

Электрондук кезек менен иштөө калк үчүн ыңгайлуу
Райондук жарандык абалдагы актыларды каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө жалпы 13 кызматкер эмгектенет.



Жалпы борбордо 13 кызматкер эмгектенет
Асель Уркунбаева