Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин окуучулары арасында «Жараксыз батарейкаларды чогултуп, жаратылышты сакта деген аталыштагы конкурс болуп өттү.
Аталган конкурсту мектептеги ыктыярчы окуучулар уюштуруп, батарейканын зыянын ар бир класска түшүндүндүрүп беришти. Шарт боюнча ар бир класс 1 жуманын ичинде канчалык көп батарейка чогултса алдыңкы орун алып, белектер менен камсыз болушмак.

Алгач ыктыярчылар ар бир класска батарейкалардын зыяны тууралуу түшүндүрүп беришти
Уюштуруучу окуучулардын бири Бекбоо кызы Жылдыз конкурс тууралуу айтып берди: «Биз ыктыярчылар ар кандай био артүрдүүлүктү жана жаратылышты сактоодо көптөгөн семинарларга катышып, ар кандай акцияларды өткөрүп турабыз. Таштандылардын эң кооптуусу деп эсептелген батарейкалар жөнүндө көпчүлүк биле бербейт.
Биз бул конкурс аркылуу бир чети окуучулардын баарына анын зыяны тууралуу маалымат берсек, экинчи жагынан айылдагы жараксыз батарейкаларды чогултуп кайра иштетүүгө өткөрөлүк дегенбиз. Жыйынтык баарыбызды чындыгында абдан кубандырды. Жалпы 900 батарейка чогултуп, аны кайра иштетүүгө бердик. Бул дагы болсо айылыбыздын жаратылышын таза сактаганга жардамыбыз тийди деген ойдобуз. Жеңүүчү класстардын жыйынтыгын чыгарып, белектерибизди тапшырып бердик».

Уюштуруучу ыктыярчы окуучулар

Эң көп чогулткан класстарга гүл челектер тапшырылды
Ал эми конкурста алдыңкы орунду алган класстын окуучуларынын бири 5-класстын окуучусу Токтобаев Нурислам конкурс абдан кызыктуу болгонун айтып берди:
«Мен батарейканын зыяны жөнүндө уккам, бирок анын абдан көп зыян алып келээрин, жана кайда өткөрүлөөрүн билчү эмесмин. Конкурс аркылуу көп маалымат алдык. Уюштуруучуларга чоң рахмат. Биз жылда уюштуруп турсак, айылыбызда зыяндуу батарейкалар ыргытылбай калат деген ойдомун».

Жыйынтыгында 900 батарейка чогултулган
Асель Уркунбаева