“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Жеңиштин 76 жылдыгына 1976-жылкы муундар спорттук иш чара өткөрүштү

10 Май 2021 жыл 23:32
Көрүүлөрдүн саны: 168

Ача-Кайыңды айылында Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата бир катар иш чаралар болуп өттү. Алгач согушта курман болгондорго куран окутулуп, гүлчамбар коюлуп, райондогу Социалисттик Баатыр наамынын ээси Мамбетакунов Орозакунга медал тапшырылды.

Алгач согушта курман болгондорго куран окутулуп, гүлчамбар коюлду


Андан тышкары, айылдын 1976-жылы туулган жаштары Жеңиштин 76 жылдыгына арналган спорттук мелдештерди өткөрүшүп, айылдын кире беришиндеги желекти жаңыртышты. Андан тышкары, келген конокторго аш чарасын уюштуруп беришти. Иш чарадан сүрөт-баян:

Согушта курман болгондорго куран окутулуп жаткан учур



Жыл сайын салт болуп келе жаткан спорттук мелдеште 40 жаштан өйдө тургундар катышып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды



Айылдын желеги алмашылды