15 Май 2021 жыл 13:53
Көрүүлөрдүн саны: 407
Нарын облусундагы Ат-Башы районунун борбору — Ат-Башы айылында канализация көйгөйү чечилбей келет. Анткени райондо канализация такыр эле жок болгондуктан жергиликтүү тургундар өз алдынча септик казып алышкан.
Күн жылыган сайын септиктен чыккан жагымсыз жыт элге бир топ ыңгайсыздык жаратат. Жергиликтүү тургундар бийлик бул маселени тез арада чечиш керек деп эсептесе, бийлик өкүлдөрү бюджетте каражат тартыштыгынан улам чечилбей жатканын айтат.
Деңиз деңгээлинен 2060 метр бийиктикте жайгашкан Ат-Башы айылында 14 миңден ашык калк жашайт. Калктын 80 пайызы саркынды суулар үчүн септик колдонот.

Ат-Башы айылы
«Өз алдыбызча септик казып алганбыз»
Ат-Башы айылынын тургуну Жыргалбүбү Акбаева 40 жылдан бери ушул айылда жашайт. Ал канализация жок болгондуктан ар кандай оорулар пайда болуп жатканын айтып, бийлик өкүлдөрү маселени тез аранын ичинде чечиши керектигин белгиледи.
Айыл тургуну Ырыс Мөндүрбаева канализация көйгөйү боюнча айыл өкмөткө эки-үч жолу кайрылып, бирок эч кандай жооп болбогонун айтты.

Сыртка салынган даараткана
«Канализация жоктугунан кир суу менен таза сууну аралаш эле ичип калдык. Көпчүлүк эл жерди казып үйлөрүнө суу киргизип алган. Ал эми канализация жок болгондуктан септик казганбыз. Септигибиз толсо эми эмне кыларыбызды билбейбиз. Ушуну бийлик башынан ойлонуп салып койбойт беле? Эми кандай кылышат билбейм. Эл чогулуп жакында өкмөткө бир айласын таап бергиле деп кат жазабыз», — деди Ырыс Мөндүрбаева.
Ат-Башы райондук оорукананын жетекчиси Илим Бейшеналиев саркынды суунун айынан ич оорулар көп катталаарын билдирди.
«Ат-Башыда канализация чоң маселелердин бири. Себеби биздин райондо такыр эле канализация жок. Саркынды суулар үчүн канализация жок болгондуктан жайкысын аябай жагымсыз жыт жыттанат. Курт-кумурска дегендер көбөйөт. Ич оорулар көп катталат. Мисалы сарык оорусу көп болот. Башка деле ич оорулар болот, бирок алар саркынды суунун айынан болобу белгисиз», — деди Бейшеналиев.
«Канализация курууга азырынча өкмөттүн чамасы жетпейт»
Ат-Башы айыл башчысынын орун басары Кубан Жапаров эки-үч жылдан бери ушул маселенин үстүнөн иштеп, долбоорун өкмөткө жөнөткөнүн билдирди.

Саркынды суулар үчүн салынган септик
«Ат-Башы айылында башынан эле канализация жок. Эл жерди казып үйлөрүнө суу киргизип, саркынды суулар үчүн өз алдынча септик казып алышкан. Ал жайкысын аябай сасыйт. Толуп калган септиктер бар. Чымын-чиркей келет, бул деле ден соолукка зыяны тийиши мүмкүн. Көйгөйдү чечүү үчүн биз канализация жана таза суу долбоорун иштеп чыкканбыз. Бул эми эки-үч жылда чечиле койчу маселе эмес», — деди Жапаров.
Ошондой эле, ал эл аралык уюмдарга канализация куруу боюнча долбоорду жөнөтүп, кат түрүндө кайрылганын жана алардан жооп күтүп жатканын кошумчалады.
Жапаров аталган көйгөй боюнча айыл тургундары буга чейин айыл өкмөткө кайрылып, бирок маселени чечүүгө жергиликтүү бюджетте акча жетишсиз болуп жатканын белгиледи. Ал канализация курууга өкмөттө деле акча жок экенин кошумчалады.
Көйгөйдү чечүүнүн бир канча жолу бар
Курулуш тармагы боюнча инженер Рахатбек Аттокуровдун айтымында, ар бир үйгө саркынды сууларды тазалоочу кичи станция куруп, андан чыккан сууну сугат суу катары пайдаланса болот.
«Мен өзүм Ат-Башы айылында туулуп өскөм. Ал жакта эң чоң маселе канализация көйгөйү бир канча жылдан бери чечилбей келет. Бирок айылда канализация курууга географиялык абалы дагы туура келбейт. Себеби жер түз эмес. Маселени чечүүнүн эки жолу бар. Биринчиси, райондон алысыраак аймакка кичи станция куруп, септик толгонго чейин аны сордуруп алып ошол станцияга төгүп, сууну тазаласа болот. Ал эми экинчиси, ар бир үй саркынды сууларды тазалоочу “Септик резервуар” деген техника алып, орнотуп алса болот. Ага көп деле каражат кетпейт. Ал сууну тазалайт, тазаланган сууну сугат сууга пайдаланса болот», — деди Аттокуров.
Ошондой эле, ал башка өлкөлөрдө дагы ушул эки ыкманы колдонушарын айтып, тургундарга ушул ыкмаларды колдонууну сунушташ керектигин кошумчалады.

Септик
Таза суу жана канализация боюнча адис Акылбек Исмаилов эл аралык уюмдар менен иштешип, грант алганга аракет кылыш керек деп эсептейт.
«Мындай маселе Кыргызстанда аябай көп. Ат-Башы районунда эле эмес Нарын шаарынын айрым жашоочулары дагы септик колдонушат. Көйгөйдү чечиш үчүн гранттарды тартып келгенге аракет кылыш керек. Райондон алыс жерге сууну төрт этаптан тазалоочу сеткалары менен кошо канализациянын станциясын куруш керек. Азыр эл аралык уюмдар аябай көп грант бөлгөн. Болгону долбоорун жакшы түзүш керек», — деди Исмаилов.
Ал ошондой эле, аны куруш үчүн облус башчысы болушунча иштеп, мүмкүн болгон жерлерге кайрылыш керектигин кошумчалады.
Бийлик өкүлдөрүнүн жообуна таянсак, канализацияны курганга бюджетте акча жетишпейт. Ал эми жергиликтүү тургундар үчүн ден соолукка зыян келтирген канализация чечилбей келет. Ушундай эле маселе Нарын облусунун Нарын шаарында, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорунда дагы бар.
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши мүмкүн.
Дилде Шатанова
Post Views: 407