“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Ат-Башыда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 800миң сомго балдар аянтчасын ачып беришти

26 Май 2021 жыл 17:40
Көрүүлөрдүн саны: 422

Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрү айылдагы жаш балдар үчүн атайын чакан оюн-зоок аянтчасын куруп, ачылыш аземин өткөрүштү.

Балдар үчүн аянтча

Ачылышка район акими Эмилбек Абдыкадыров, орун басары Динара Жунусова, айыл тургундары жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөр катышты.

Аянтчанын ачылыш аземи

Иш -чаранын жүрүшүндө район жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров бүтүрүүчүлөрдүн бул айыл үчүн, эл үчүн, бөбөктөр үчүн кылган жакшы демилгесине ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле, аталган окуучуларга билим берип, тарбиялап, уядан учурган мугалимдерине ыраазычылык кат тапшырды.

Аянтчанын жалпы суммасы 800миң сом болгон

Бүтүрүүчүлөр бул балдар аянтчасын жалпы 800 миң сомго куруп, аны Күмөндөр Тыналиев атындагы бала бакчага тапшырып беришти.

Асель Үркүнбаева