“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Ой-Терскен мектебинде «Жабыркаган жаратылыш үнү» аттуу театр болуп өттү

30 Май 2021 жыл 16:32
Көрүүлөрдүн саны: 339

29-майда Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектебинде «Көөнөрбөс Мурас» коомдук уюму тарабынан уюштурулган жаратылышты коргоо багытында иш-чара өткөрүлдү.

Кечеге айыл тургундары, мектеп окуучулары катышты

Форум-театрга айыл жашоочулары жана мектеп окуучулары катышты. Анда аталган мектептин кыргыз тил мугалими Лаззат Бешкемпирова жетектеген мектеп театры жана музыка мугалими Дыйканбаева Жылдыздын комузчулар тобунун күчү менен даярдалган «Жабыркаган жаратылыш үнү» деп аталган сахналаштыруу көрсөтүлдү.

«Жабыркаган жаратылыш үнү» сценкасын аткаруу учурунда

Кеченин музыкалык бөлүгүн Жылдыз Дыйканбаева даярдаган

Иш-чаранын экинчи бөлүгү айылдын жаштарынын бири Майрамбек Мамыткановдун өздүк чарбасында түзүлгөн «Карагат көчөтүн көбөйтүү» бакчасында уланды.

Маймарбек Мамыткановдун демоучастогунда

Андан тышкары Кыргыз Илимдер Академиясынын кызматкери Мыскал Ганыбаева катышып, катышуучуларга Ача-Кайыңды айыл аймагынын генетикалык ресурстары жөнүндө кеңири маалымат берди.

Илимдер Академиясынын кызматкери Мыскал Ганыбаева

«Иш-чара долбоордун алкагында өткөрүлүп, каражат ИСУР коомдук фонду тарабынан бөлүндү», — деп Көөнөрбөс Мурас фондунун жетекчиси Бегайым Мурзалиева билдирди.

Бегайым Мурзалиева

Элеттик окуучу жогорку окуу жайда бекер окууга мүмкүнчүлүк алды
Асел Үркүнбаева