“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Ат-Башы районуна жаңы акимдин орун басары ишке киришти

11 Июнь 2021 жыл 13:22
Көрүүлөрдүн саны: 479

Ат-Башы районунун акиминин орун басары болуп Жылдыз Жантелиева дайындалды.
10-июнь күнү жаңы дайындалган Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Жылдыз Жантелиева жамаат менен таанышып, ишке киришти.

Өмүр баяны
Жантелиева Жылдыз Талантовна 1982-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында туулган. 2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин каржы жана насыя адистиги боюнча аяктаган. 2015-жылы Эл аралык башкаруу укук каржы жана бизнес академиясын ийгиликтүү бүтүрүп, юриспруденция адистигине ээ болгон.

Жылдыз Жантелиева

Эмгек жолу:

— 2005-2006-жылдары Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын алдындагы мобилизациялык резервде жетектөөчү адис;

— 2006-2008-жылдары Нарын облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис, башкы адис;

— 2008-2012-жылдары Нарын облустук мамлекеттик администрациясында сектор башчы;

— 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүнүн укуктук камсыздоо жана кадрлар сектор башчысы кызматын аркалап келген.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси

 

Асель Үркүнбаева