“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Сүрөт: Мектепте орус тилин үйрөнүүгө багытталган иш-чаралар өтүүдө

30 Январь 2022 жыл 0:53
Көрүүлөрдүн саны: 535

Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинде 17-январдан баштап 28-январга чейин орус тил сабагы боюнча «Нам слово русское дано…» деген аталыштагы декада болуп өттү.


Өз сөзүндө аталган мектептеги орус тил усулдук бирикмесинин жетекчиси Кундуз Төлөмүшова декаданын максаты- балдарды орус тилин сүйүүгө, аны үйрөнүүгө мотивация берүү экенин айтты.








«Декаданын жалпы жүрүшү эки бөлүктөн турду: ачык сабактар жана сабактан тышкаркы иш- чаралар болуп.

Декаданын ачылышында «Русский язык — язык дружбы» деген аталыштагы Перизат Сатарованын өз колу менен жасаган маалыматтык тактасынын презентациясы менен башталды.

Андан кийин орус тилчи мугалимдер орустун улуттук кийимин кийип, орустун улуттук тамак-ашын тартууладык. Анда орус ашканасынын каада-салты, орус элинин тамак ашка болгон мамилесин көргөздүк. Андан тышкары быйылкы жылдагы мааракелүү жазуучулардын өмүр баяндары айтылып, чыгармаларынан үзүндүлөр айтылды.

Ар бир мугалим ачык сабак өтүп 4 мугалимдин сабагы эң мыкты сабактардын катарына кирди. Орус жомокторун чагылдырган макеттер жасалып, ар кандай сурот, дил баян конкурстары уюштурулду. Жыйынтыгында декадабыз эң жакшы деп бааланды»

 

Асел Уркунбаева