“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Ат-Башы: Мектепте англис тилине арналган жумалык болду

19 Февраль 2022 жыл 18:24
Көрүүлөрдүн саны: 305

Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде Билим Берүү Министрлигинин жарлыгы боюнча англис тили жумалыгы болуп өттү.

Бул тууралуу маалыматты аталган мектептин англис тил усулдук бирикмесинин жетекчиси Лира Осмонкулова билдирди.
«31-январдан баштап 11-февралга чейин биздин усулдук бирикменин декадасы жана 14-февралдан 19-февралга чейин жыл сайын өткөрүлүүчү министрликтин буйругу менен «English is a global language» (Анлис тили- дүйнөлүк тил) деген аталыштагы жумалык өттү. Негизги максаты- окуучуларды анлгис тилин үйрөнүүгө шыктандыруу. Декаданын биринчи жумасында мугалимдер ачык сабак өтүшсө, экинчи жумасында класстан тышкаркы иштер аткарылды. Анда класстарга китеп көргөзмө куралын жасоо, жомок китеп жасоо, жаңылмачты айтуу жана стенгазета чыгаруу тапшырмалары берилген. Алардын жыйынтыктары чыгарылып, грамоталары тапшырылды.

Назира Абылованын сабагында лингафондук кабинетте окуучулар ноутбуктар менен иштешти.

Гүланда Асанованын сабагында жомоктор коюлуп, үлгүлүү сабак деп бааланды

Англисче китеп көргөзмөсү

Ал эми англис тили жумалыгында 10-11-класстар арасында конкурс уюштурулуп, 8-класстарга англис тили эмнеге дүйнөлүк тил деген темада тегерек стол болуп өттү. Анда окуучулар өзүлөрүнүн келечектеги ойлору менен англис тилинде айтып, талкуулай алышты.

Айнура Эркинбаева жогорку класстарда конкурс өткөрдү

Лира Осмонкулова 8г-класс менен тегерек стол өткөрдү

Андан тышкары ар бир усулдук бирикмелердин жетекчилерине тапшырма берилип, тема боюнча кыскача баян айтып беришти.»

Мугалимдер арасында да конкурс өткөрүлдү

Асел Үркүнбаева