“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Нарын: Мектеп окуучулары Жогорку Кеңешке барып келишти

2 Март 2022 жыл 17:56
Көрүүлөрдүн саны: 148

Нарын районуна караштуу Достук орто мектебинин окуучулары 28-февраль күнү Жогорку Кенешке барууга мүмкүнчүлүк алышып, депутат Улан Бакасовго жолугушту.

Окуучулар Жогорку Кеңеште

Бул тууралуу маалыматты аталган айылдагы мектептин директору Сабида Осмонова билдирди. «Биздин айылдагы «Достук Жаштар деми» коомдук бирикмесинин төрагасы , айылдык кеңештин депутаты Арстанбеков Куттуксейиттин демилгеси менен окуучуларга сынак уюштурулган.

Сынактын шарты боюнча «Достук айылынын тарыхы жана түптөлүшү» деген темада окуучулар дилбаян жазып, жеңген окуучулар Жогорку Кеңешке барып келүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Жыйынтыгында 4-класстын окуучусу Орозбекова Айдана, 6-класстан Алтынбеков Дастан, 9-класстан Арстанбекова Уулназ, 10-класстагы Айбекова Элнура жана 11-класстан Жаныбекова Жаннат жеңип алышкан.

Депутат Улан Бакасов менен

Биз ал жерден Жогорку Кеңештин Нарын округу боюнча шайланган депутаты Улан Бакасов менен жолугуп, Жогорку Кеңештин ичине экскурсия кылдык. Андан тышкары барган окуучулар киного дагы барып келишти. Сынактын жардамы менен айылыбыздын окуучулар айылдын тарыхын изилдешип, көп нерселерди үйрөнө алышты. Андан тышкары окуучулар мындан дагы чоң ийгиликтерге жеткенге мотивация алды десем болот.

 

Сынактын эң кичинекей жеңүүчүсү Айдана Орозбекова

Окуучулар чоң мотивация алып келишти

Учурдан пайдаланып, «Достук Жаштар деми» коомдук уюмунун жалпы мүчөлөрүнө ыраазычылыгымды билдирем. Андан тышкары биз мектептин жана айылдын көйгөйлөрүн эл өкүлүнө жеткире алдык. Буюрса көзөмөлгө алып, маселени чечкенге жардам бермей болду».

 

Асель Уркунбаева