“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Ат-Башылык окуучу Таласта күрөш боюнча чемпион болду

13 Март 2022 жыл 14:33
Көрүүлөрдүн саны: 152

Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектебинин 5-классынын окуучусу Сымбат Макеленова Таласта өткөн эркин күрөш боюнча «Мэрдин кубогун» жеңип алды.

Таласта өктөн мелдеште Кыргызстандын чемпиону болгон Сымбат Макеленова

Бул тууралуу маалыматты окуучу кыздын машыктыруучусу, Ой-Терскен мектебинин мугалими Аман Жумалиев билдирди. «Сымбат биздин командага 2019-жылдан бери кошулуп, машыгып келе жатат. Бизге келгенде эле анын спортко болгон шыгы бар экенин байкаганбыз. Ал ушул күнгө чейин дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратып келе жатат.

Өзү жаш болсо да, көптөгөн ийгиликтерди жараткан

Облустук, республикалык, эл аралык мелдештерге катышып жакшы ийгиликтерди жарата алган кыз. Облустук курама командага дагы кошулуп, мелдештерге катышып жүрөт.

Машыктыруучусу Аман Жумалиев менен

Ал эми Таласта өткөн мелдеш боюнча айтсам, биздин кыз өзүнүн жашы жетпесе дагы, атайын медициналык кароодон өткөн. Маселен, 2007-2009-жылы туулган окуучулар катышып, Сымбаттын жашы жетпей, бирок ата-энесинин уруксаты менен, тобокелдикке салып алып барганбыз. Жыйынтыгында кыздар арасындагы эркин күрөш боюнча 30кг салмак категориясында чемпион болду. Абдан сүйүнүп жатабыз. Буюрса келечекте спорт мектептерде окуп, дагы ийгиликтерди жаратам деген оюу бар. Азыртадан спорт мектептерден жатаканасы менен окуганга сунуштар түшүп жатат. Буюрса келечеги кең болот деп ишенебиз жана баарыбыз сыймыктанабыз.

Ат-Башы району боюнча жылдын мыкты спортчусу номинациясын алган

Мындай ийгиликтерге жетүү үчүн биз талыкпай машыгууларды өткөрүп турдук. Машыгуу ойдогудай өткөнүнө ата-энелердин дагы салымы чоң жана биздин кыздардын ата-энелерине ыраазычылык билдирмекчимин, алар ар дайым колдоп турушат. Андан тышкары мектептин жамаатына дагы уруксат берип, мүмкүнчүлүк түзүп берип колдоо көрсөткөндөрүнө чоң рахмат.»

 

Асель Үркүнбаева