“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Сүрөтбаян: Мектепте улуу муундан калган салттар даңазаланды

20 Март 2022 жыл 17:37
Көрүүлөрдүн саны: 438

18-март күнү Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектебинде Нооруз майрамына арналган саамалык болуп өттү.


Иш-чаранын негизги максаты- улуу муундан калган салтты жаштарга үйрөтүү, аларды даңазалоо экенин аталган иш-чаранын уюштуруучулары Мээрим Раманкулова жана Толкунбек Араев айтып беришти.

Иш-чара аластоо менен башталды

«Биздин мектепте «Кел, Ноорузум» деген аталыштагы иш-чара болуп өтүп, ага жалпы мектеп катышты. Анын жүрүшүндө биздин ата-бабалардан калган улуттук каада-салттар окуучулар тарабынан көрсөтүлүп, кыргыз ыр-бийлер менен коштолгон чакан концерттик программа менен коштолду.

Бала бешикке салуу

Концертти кыргыз тил сабагынын мугалими Тунук Оморова алып барып, өзүнүн 10а- классы менен уюштуруп, боз үй тигип залды жасалгаладык.

Кыргыздын каада-салттары даңазаланды

Кыргыз бийи

4-класстын окуучулары бала бешикке салуу жөрөлгөсүн көрсөтүшсө, 7-класстар чач өрүү салтын тартуулашты. Андан тышкары 3б-класс тарабынан уюштурулган айдап себүү учуру көрсөтүлдү.

Илгери жазгы айдап себүүдө, жетим-жесирлерге дагы арнап айдашкан

Кыргыздын улуттук аспабы комуздун күүсү жаңырды

Андан кийин улуттук тамактардын жана окуучулардын колго жасалган буюм-тайымдарынын көргөзмөсү уюштурулду. Сүмөлөк жасалып, көрүүчүлөргө ооз тийгизилди.

Улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү

Сүмөлөк

Боз үйдүн формасында жасалган нан

Окуучулардын колунан жасалган буюм-тайымдардын көргөзмөсү

Жалпы эң жакшы деңгээлде өттү десек болот. 1-класстан 11-класска чейинки жалпы класс жетекчилерге жана 10-класс менен класс жетекчиси Оморова Тунукка ыраазычылыгыбызды билдиребиз»

Нооруз майрамы жакшы маанайда өттү

Айназик Асылбек кызы, Айтурган Токтобаева, Жылдыз Бекбоо кызы