“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Согуш ардагерлердин үй-бүлөлөрүнө белек тапшырылды

10 Май 2022 жыл 21:14
Көрүүлөрдүн саны: 222

9-май Жеңиш күнүнө карата Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.


Маалыматка ылайык аталган айылдын айыл өкмөтүндө согуш ардагерлерине багышталып куран окутулуп, аларга арналган эстеликке гүл чамбар коюлду. Эскерүүгө айыл тургундары, депутаттар, айыл өкмөттүн кызматкерлери катышышты.

Согуш ардагерлерине арналган гүл чамбар

Иш-чарага айыл тургундары катышты

Ал эми Ача-Кайыңды айылы боюнча 4 согуш ардагердин жубайлары бар. Аларга айыл өкмөт Адилет Жумалиевдин атынан 2000 сомдук печка белекке берилди. Белектерди үйлөрүнө барып тапшырып, каалоо-тилектер айтылды.

Айылда 4 ардагердин жубайлары бар

 

Белектерди тапшыруу учурунда

Асел Үркүнбаева