“Ача-Кайыңды” жамааттык мультимедиа борбору

Ат- Башы району, Ача-Кайыңды айылы

Ой-Терскен мектебинде апаларга арналган кече өткөрүлдү

9 Июнь 2022 жыл 19:16
Көрүүлөрдүн саны: 493

Ой-Терскен орто мектебинде көп балалуу мугалимдер, бир катар класс жетекчилер жана активдүү апалар, жакшы окуган окуучулардын апалары мектеп жамааты тарабынан сый-урматка ээ болушту.

Кечеде жалпы 40тан ашык апаларга, эжелерге белектер берилди


Бул иш-чара экинчи жыл өтүп, окуучуларга жана ата-энелерге дем берүү максатында уюштурулуп келе жатат. Чакан концерттик программа менен коштолгон кечеде 9-11- класстардын ата-энелери чакырылып, балдары жасаган белектерге ээ болушту.

Мектепте жалпы 6 көп балалуу эжелер бар, алардын бири Бурул Бакаева кечени уюштурууда көмөк көрсөткөн


Андан тышкары мектептеги көп балалуу мугалимдер «Даңктуу эне», класс жетекчилери «Мыкты эжеке» номиницияларын алышты. Бардык келген апаларга окуучулар жасаган белектен тышкары окуу бөлүмүнүн башчысы жана айылдык кеңештин депутаты Гүланда Асанова демөөрчүлүк кылган белектер берилди.

Даңктуу класс жетекчилер

Ал дагы кийинки жылдары иш-чара уланаарын өз сөзүндө белгилеп кетти. Андан тышкары бул иш-чараны ата-энелер комитети колдоп, өзүлөрүнүн көмөгүн көрсөтүштү. Келген коноктор демилгени көтөргөн мугалимдерге жана мектептин ата-энелер комитетине ыраазычылыгын билдиришип, жакшы маанайда жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешти.